Жамбы (моңголчо ёмба) - ар кандай салмакта, түрдүүчө өлчөмдө уютулган күмүш. Анын байкалбаган кыл өтүүчү жылчыктары болгон. Ал соодада нарк өлчөмү, алыш-бериште белек катары колдонулган. Жамбынын бөйрөк жамбы (адамдын бөйрөгүнө окшош), туяк жамбы (майда жандыктардын туягына окшош куюлган), тай туяк жамбы, чоң кулак жамбы, шаңшур жамбы, чочпара жамбы (наркы 100 койго барабар), төө көз жамбы, уй көз жамбы (он-жыйырма койго барабар), кой көз жамбы (беш койго барабар) жана башка түрлөрү кездешкен. Байлар, бийлер, болуштар, дин ишмерлери, соодагерлер байлыктарын жамбы түрүндө жыйнашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1