Жамбыга секирип жетүү
Оюнчулардын саны 5—8 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө, дарактуу жер.
Оюнда колдонуучу аспаптар. «Жамбы».
Даярдануу
түзөтүүДаракка «жамбы» илинет, оюнчулар андан 10—15 м. аралыкта турушуп, шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүКатышуучулар кезектери келгенде бирден жүгүрүп келип, асылып коюлган «жамбыга» секирип колу менен жетүүгө аракеттенишет. «Жамбыга» секирип жете албай калганы жыдып, оюндун андан аркы жүрүшүнө жардам берет. «Жамбыга» секирип жеткендерге «жамбы» улам дагы бийиктелип илинет. Оюндун жеңүүчүсү аныкталгыча ушинтип кайталана бериши керек.
Оюндун башка түрү
түзөтүүАсылып коюлган «жамбыга» секирип баш менен жетмей, асылга коюлган «жамбыга» секирип бут менен жетмей.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны кеп болсо, аларды топ-топко бөлүп өткөрсө болот.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүКүч, ылдамдыкка тарбияланат. Секирүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.