Жума Жамгырчиев - (1906, Ысык-Көл өрөөнү, Тоң болушу (азыркы Тоң району, Көк-Сай айылы) – 1944) – акын.

1916-жылкы Үркүндө эл менен бирге Кытайга барып, Ниязмаш деген уйгур байында эки жыл малай болуп жан баккан. 1918-ж. Ысык-Көлгө кайтып келген. 1919-ж. айыл ликбезинде, 1922–25-ж. Ташкенде САКУда окуган. 1929-ж. Кыргыз педтехникумун бүтүргөн. 1929–35-ж. Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатында иштеген. Жалал-Абад педтехникумунун директору, 1935-жылдан Ош облусундагы советтик-партиялык мектепте, Өзбекстандын Анжыян шаарындагы кыргыз-уйгур мектебинде, 1939–41-ж. Оштогу эки жылдык мугалимдер институтунда, 1941–42-ж. Тоң районундагы орто мектепте мугалим болгон.

Жамгырчиев техникумда окуп жүргөндө эле ыр жазган. 1931-ж. «Ырлар жыйнагы» аттуу алгачкы китеби жарыкка чыккан. Ан­да акындын 1939-ж. чейин жазган ырлары топтолгон. «Таңкы жарык» (1959), «Ырлар» (1975) аттуу ыр жыйнактары акындын көзү өткөндөн кийин жарык көргөн. Ырларынын тематикасы – чындык, аялдар азаттыгы, карапайым элдердин эркиндиги, жаштардын билимге умтулуусу. 1944-ж. Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1