Жангаркалмак элинин баатырдык дастаны. 15-кылымда жаралган деп божомолдонот. Дастан толугу менен жазылып алынган. Анда бактылуу, укмуштуу Бумба өлкөсүн коргогон калмак баатырларынын жана анын ханы Жангардын согуштук эрдиктери сүрөттөлөт. Ошондой эле калмак элинин үмүт-тилеги, улуттук эркиндик үчүн көп кылымдык күрөшү чагылдырылат. «Жангар» калмактарда 18-кылымдан эле белгилүү болгон. Аны жангарчылар муундан муунга өткөрүп, биздин күнгө жеткирген. Эпосту биринчи изилдеген жана орус тилине которгон (1854) А. А. Бобровников болгон. 1940-ж. эпостун 500 жылдыгы белгиленген. «Жангар» моңгол элинде да айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1