Канаттулардын журум туруму – жаныбарлардын терисинин, жүнүнүн, түгүнүн, сырткы кабыкчаларынын мезгилдүү алмашылып турушу. Омурткасыз жаныбарлардын (рак сымалдар, көп аяктар, курт-кумурскалар муунак буттуулар, ошондой эле айрым курттар жана башка) эски хитин кабыкчасын түшүрүп, жаңысынын пайда болушу организмдин өсүшүнө, көбөйүшүнө шарт түзөт. Муунак буттуулар түлөгөндө, белгилүү стадияда эски кутикуласынын теңи эрип, денесинен бөлүнөт, анын ордуна эпидермис клеткалары менен жаңы кутикула секрециясы көбөйөт жана катууланат. Курт-кумурскалардын түлөшү клеткадагы хромосома аппаратына таасир берүүчү гормонго (экдизонго) байланыштуу. Омурткалуу жаныбарлардын – жерде-сууда жашоочулардын, сойлоочулардын (крокодил менен таш бакадан башкасы), канаттуулардын жана сүт эмүүчүлөрдүн түлөшү өсүү стадиясына эмес, жыл мезгилинин алмашуусуна байланыштуу. Жерде-сууда жашоочулар температурага байланыштуу жайында түлөйт. Суук түшөрү менен алардын түлөшү токтолот. Канаттуулар менен сүт эмүүчүлөр түлөгөндө түсү өзгөрөт, алардын түлөшүн жасалма жол менен жөнгө салып тездетүүгө болот. Түлөө мезгилинде жаныбарларда зат алмашуу өзгөрөт (белок алмашуу, кычкылтекти керектөө күчөйт).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1