Жаныбар териси - жаныбардын денесин каптап турат. Т-нин негизги функцияларына: терморегуляция, бөлүп чыгаруу, дем алуу (жана тышкы чөйрөнүн таасиринен организмди коргоо. Т-де жайгашкан түрдүү нерв рецепторлору организмдин сезүү органдарынын бири болуп эсептелет. Т. үч катмардан турат: эпидермис, дерма, Т. астындагы катмар.

Varanus komodoensis.

Т-нин курамында суу (72-75 %), белоктор, углеводдор, майлар, макро жана микроэлементтер, витаминдер, ферменттер жана башка кошулмалар бар. Т-нин курамына глюкоза, галактоза, гликоген, мукополисахариддер кирет. Полисахариддер көбүнчө дерма менен эпидермистин чегинде жайгашкан. Мукополисахариддердин мааниси чоң, алар коллаген, эластин, ретикулин булаларын түзүүгө катышат.

Т-нин курамында жаныбардын түрүнө, породасына, жашына карата май заттары түрлүү өлчөмдө болот (17-25 %).

Т. витаминдерине: аскорбин к-тасы, тиамин, биотин, пантотен к-тасы, рибофлавин жана башка кирет.

Т-де протеаза, липаза, амилазар ферменттери болот.

Белок заттары кургак ткандын 80 % түзөт. Т. белокторуна коллаген, эластин, ретикулин, кератин, альбумин, глобулин жана башка кирет.

Коллагендер тарамыштын, сөөктүн, дентиндин, байланыштыруучу ткандын негизин түзгөн фибриллдик белоктор. Мисалы, Т-нин негизги бөлүгү дерманы түзөт. Коллаген – туташтыргыч ткандардын негизги белогу, алар Т-нин негизин түзөт. Эластин чоюлгуч ткань катары Т-нин чоюлгучтугун камсыз кылат. Эластин тарамыштардын жана байланыштыруучу ткандардын курамына кирген структуралык белок. К-та, жегичтердин таасирине жана кайнатууга чыдамдуу, себеби курамында глицин, пролин, лейцин (25-30 %) деген полярдуу эмес амин к-талар көп.

Ретикулин булалары Т-нин жогорку темп-рага, хим. реагенттерге (жегич, к-та жана башка) карата болгон туруктуулугун күчөтөт. Кератин – эпидермистин катуу катмарын түзүп, малдын мүйүзүнүн, туяктарынын курамына кирет. Кератин белогунда башка белокторго салыштырмалуу цистеин амин к-таларынын калдыктары көп. Демек, бул белокто бекем дисульфид (S-S) байланыштарынын саны жогору. Мисалы, жүндө, чачта 11-12 % цистин амин к-тасы, 9 % жакыны күкүрт.

Альбумин менен глобулиндер бир аз өлчөмдө эпидермистин илешкек катмарынын курамына кирип, микроорганизмдер үчүн ылайыктуу чөйрө болуп эсептелинет. Т-де ар кандай бездер (тер, май бездери) жайгашат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү