Сагымбай уулу Жаныбек (1861 - 1933) - мамлекеттик жана саясий ишмер, совет бийлигине каршы күрөштүн жетекчилеринин бири, кыргыз баатыры. Тарыхта "басмачы" катары караланганы менен таанымал.

Жаныбек казынын жигиттери Маты мин башы (олтурган солдон экинчи) жана Юсупбай мин башы(учунчу) 1923-жыл Туркстан АССРнин НКВДсынын орун басары Абдулла Ярмухамедов (тортунчу) жана Алай милициясынын башчысы Кадырбек Камчыбеков (бешинчи

Ата-теги түзөтүү

Жаныбек 1861-жылы Өзгөн аймагында Көлдүк айылында төрөлгөн. Анын ата-теги басыз уруусунун кашка уругунан болушкан

Ош уездиндеги саясий ишмердиги түзөтүү

Жаныбектин балалык чагында кыргыздар Орусия империясына каратылган эле. Жаныбек эр жеткенде Ош уездиндеги саясий жана коомдук иштерге активдүү катыша баштаган. Бара-бара ал сот системасында казы болуп иштеп, андан тышкары бир болуштукту башкарууга да татыган. Бирок, анын тарыхта кала турган активдүү ишмердүүлүгү ал 56 жашка чыкканда, 1917-жылдагы окуялардан кийин башталат.

Түркстан автономиясы түзөтүү

Февраль жана октябрь төңкөрүштөрүнүн учурунан пайдаланып, Фергана өрөөнүндөгү жергиликтүү мусулман калкынын башчылары жана аалымдары биригип, «Түркстан автономиясы» деген жаңы мамлекетти негиздешкен эле. Бул кыймылга Жаныбек казы да күбө болгон жана катышкан. Бирок, 3 айдан кийин эле орус армиясы кандуу жортуул менен келип, миңдеген адамдардын өмүрүн кыйып, бул мамлекетти жоюп салышкан.

"Басмачылыктын" башталышы түзөтүү

Натыйжада, нааразы болгон жергиликтүү мусулман элдеринин арасынан чыккан эр-азаматтар ар кайсы жерлерде топтолушуп, жаңы совет бийлигинин кызматкерлерине ар тараптан кол салууга өтүшкөн. Бул окуяларга Жаныбек казы да катышууну чечип, 400дөй кыргыз жоокерлеринен турган кол курай баштаган. Ал эми совет бийлиги аларды "басмачы" деген сөз менен каралап, карапайым элге жек көрсөтүүгө аракет кылган. Ошондой эле, совет бийлиги жергиликтүү адамдарды "кызыл аскерлердин" катарына тартып, алардын күчүн «басмачылар» деп аталган көтөрүлүшчүлөргө каршы пайдаланган.

1918-22-жылдар арасындагы эки тараптын куралдуу тирешүүсүндө Жаныбек казы совет бийлигинин убадаларына ишенип, 3 жолу алар тарапка өткөн жана ашынган басмачылардын айрымдарын туткундаганга да жардам берген. Ал бир уулун советтик аскердик окуу жайга берип, өзү мамлекеттик кызматка да алынган. Бирок, бир нече жылдан кийин эле, анын совет бийлиги менен болгон мамилеси кайра бузула баштаган.

Үзүлгөн үмүт түзөтүү

1927-жылдан баштап, кулакка тартуу саясатынын алкагында колунда бар адамдардын мал-мүлктөрү тартылып алынып, бийлер, байлар жана молдолор сүргүнгө айдала баштаган. Бул окуядан кийин Жаныбек казы кызыл аскерлерге алданганын түшүнүп, кайрадан көтөрүлүшчүлөрдүн тарабына өткөн жана анын тегерегинде 200гө жакын ыктыярдуу жоокер чогулган. Совет бийлиги болсо, бир жагынан Жаныбек казыны кайрадан кызматташууга чакырууга аракеттенсе, экинчи жагынан анын өмүрүнө кол салууларды тымызын уюштуруп турган. Ошол себептен 1930-жылга чейин бийик тоолордогу үңкүрлөрдө гана жашоого аргасыз болгон Жаныбек казы акырында өз жоокерлерин үйлөрүнө таратып, каалоочуларын өзү менен ээрчитип, чегарадан ары Кытайдын аймагына, андан ары Пакистандагы Гилгит аймагына көчүп кеткен.

Ошентип, кыргыз элинин боштондугу үчүн күрөшкөн баатыр Жаныбек казы чет өлкөдө жүрүп, 1933-жылы 72 жашында бул дүйнөдөн өткөн.

Тарыхый баа берүү маселеси түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Маалымат булактары түзөтүү