Жаныма – 1) ийри сызыкка жаныма – ийри сызыкты кесип өтүүчү сызыктын пределдик абалын көрсөтүүчү түз сызык. L ийри сызыгында жаткан M жана M1 чекиттери аркылуу MM1 түз сызыгы жүргүзүлөт (1-чийме). M чекитин кыймылсыз деп алып, ага M1 чекитин L ийри сызыгы боюнча чексиз жакындатка да MM1 түз сызыгы MT түз сызыгына умтулса, анда MT түз сызыгы L ийри сызыгына M чекитиндеги жанымасы деп аталат. Бардык эле үзгүлтүксүз ийри сызык жанымага ээ болбойт, анткени MM1 пределдик абалга умтулбай калышы, же M1чекити M чекитине ар тараптан умтулган учурда эки пределдик абалга умтулушу мүмкүн (2-чийме). Эгерде ийри сызык y=f(x) теңдемеси менен берилсе жана x=x0 чекитинде дифференциаланса, анда M чекити аркылуу өткөн жаныманын бурчтук коэффициенти x0 чекитиндеги f(x)тин туундусунун маанисине барабар; бул чекиттеги жаныманын теңдемеси төмөнкүдөй болот: y–f(x0)=f(x0)(x–x0). 2) айланага жаныма – айлана менен компланардуу жана аны менен бир жалпы чекитке ээ болгон түз сызык. Айланага жаныма сызык ошол чекитте радиуска перпендикуляр болот. ==Колдонулган адабияттар== “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1