Жапай Көкташ уулу (болжолу 1870-жылдар – 1918) – сарбагыш уруусунун белгилүү манаптарынын бири. Үмөтаалы Ормон уулунун небереси. Кыргызстан Россия империясынын карамагына киргенден кийин Кочкор өрөөнүндөгү Ниязбек, Борукчу, Семиз-Бел, Жоон-Арык болуштуктарындагы эл бийлеген төбөлдөр анын таасиринде болгон. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө орус баскынчыларына каршы күрөшкө активдүү катышып, аны уюштуруучулардын башында турган. Көтөрүлүш башталганда, бул өрөөндүн батышындагы черикчи тукуму Канат Ыбыке уулун «хан» көтөрүш-көндө, чыгыш жагы Ж. Көкташ уулунун демилгеси менен Тезекбай Түлкү уулун «хан» шайлашат. Көтөрүлүшчүлөрдүн бул тобу өрөөндүн борбору – Столыпино кыштагын талкалап, андагы орус келгиндерин сүрүп чыгышкан. Жазалоочу аскер тобунун келиши менен Жапай Көкташ уулу өз эли менен Кытайга качып барып, 1918-ж. кайра келген. Бул учурда падышалык бийлик кулатылганына карабай, көтөрүлүштү уюштуруучулардын бири катары күнөөлөнүп, Токмок шаарына жакын Шор-Төбө деген жерде атылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1