Жапаров Капар 1928-жылы Сузак районунун Кызыл-Кыя айылында туулган.

  • Башталгыч классты бүткөндөн кийин, Октябрь кыштагына көчүп келишип, согуш убагында, “Красный Октябрь” колхозунда ар кандай тармактарда эмгектенген.
  • Согуш бүткөндөн кийин, Октябрь кыштагынан 7-классты бүтүрүп, Жалал- Абад шаарынан ветеринардын 1 жьшдык курсунан окуп, колхоздо, андан кийин “Дружба” совхозунда учетчик, зав.ферма, кампа башчысы болуп иштеген.
  • 1960-жылы КПССтин катарына мүчө болуп өтөт.1985-жылы Сузак совхозуна которулуп, ал жерде 1991-жылы пенсияга чыкканга чейин, бөлүм башчы, парторг, жумушчулар комитетинин төрагасы болуп эмгектенген.
  • Ү зүрлүү эмгеги бааланып, райондук советке депутат болуп шайланып, “Эмгек ардагери” наамы, бир канча ардак грамоталар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3