Жапаров Кудайберген (Сатаров Кукен)

Жапаров Кудайберген (Сатаров Кукен) - жазуучу, драматург.

Кудайбергеи Жапаров 1933-жылы 14-июнда Сокулук районундагы Саз айылында туулган.
1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин ийгиликтүү аяктайт.
1953-жылы «Жаш ленинчи» журналында «Жардам» аттуу биринчи аңгемеси жарык көрөт. Андан соң аңгемелери «Ленинчил жаш», «Кыргызстан пионери» газеталарына жарыяланат.
К.Жапаров «Ала-Тоо» журналында, 1959–1962-жж. Кыргызокуупедмамбаста, Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радио уктуруу жана телекөрсөтүү боюнча комитетинде редактор,
1962-жылы кайрадан «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, проза бөлүмүнүн редактору,
1978-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы, адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Жазуучунун повесть жана аңгемелерден топтолгон «Абыш» деген биринчи жыйнагы 1959-жылы жарык көрөт. 1978-жылы «Кыргызстан» басмасынан «В горы пришла весна» деген китеби орус тилинде чыккан. Айрым чыгармалары казак, өзбек, татар, башкыр, украин, азербайжан, уй-гур тилдерине которулган.
К.Жапаровдун «Намыскөйлөр» аттуу комедиясы 1971-жылы М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында, 1993-жылы К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында, Казакстанда коюлган. Драматургдун «Кыздардын өчү» деген комедиясы, «Өксүк жандар», «Сүйгөнгө сүйкөн» деген драмалары бар.
Кыргызфильмде 1991-жылы анын «Зулумдуктун акыры» деген сценарийи боюнча мультфильм тартылган.
К.Жапаров Театр ишмерлер союзунун, 1963-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Абыш: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 88 б.

Эрдик: Аңгемелер.– Ф.: Кыргызокуупедмамбас, I960. – 76 б.

Агроном кыз: Повесть, аңгемелер, очерктер, мыскылдар.– Ф.: Кыргызмамбас, 1962.

'Аталар: Повесттер, аңгемелер.– Ф.: Кыргызстан, 1965. – 172 б

Талаа: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1968. – 136 б.

Председатель: Повесть, аңгемелер жана азилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 215 б.

Анын экинчи төрөлүшү: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1974. – 146 б.

Ач көз байдын өлүмү: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1982. – 15 б.

Түркүн тагдырлар: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 312 б.

Талаа: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1987. – 300 б.

Орус тилинде

В горы пришла весна: Повести и рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 136 с.