Жапырык көрүстөндөрү – эрте темир доорунан орто кылымга чейинки мезгилди камтыган археологиялык эстеликтер. Соң-Көлдөн 25–30 км түштүк-чыгыш тарапта Жапырык бөксө тоосунун этегинде жайгашкан. Эрте темир доорундагы кө­рүстөндөрдүн диаметри 30–50 м, бийиктиги 4–6 м. Тегерек дөбө көрүстөндөрдүн сыртына төрт чарчы коргончо кылып таш тизилген. Көрүстөндөрдүн күн батыш тарабында сегиз таш коргончо бар. Жапырык жергесинен маркумдун сөөгү менен кошо чопо идиштер, алтын сөйкө, чач учтук, шакек жана башка табылган. Эчкинин, жылкынын, сууда сүзүүчү канаттуулардын, багыштын аска бетине чегилген сүрөттөрү бар. Жапырык көрүстөндөрү шарттуу түрдө Жапырык 1; 2; 3; 4; 5 деген бөлүктөргө бөлүнгөн. Жапырык көрүстөндөрүн 1980–90-жылдары археолог К. Ташбаева изилдеген. Ушундай эстеликтерди Ат-Башы өрөөнүнөн, Алтайдан, Казакстандан кездештирүүгө болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1