Жапышев Рысбай (1933-жылы Алай району, Будалык кыштагы) — малчы, Социлистик Эмгектин Баатыры (1986). Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сицирген устаты (1976). 1966-жылдан КПСС мүчөсү. 1948-жылдан Гүлчө районундагы «Октябрь» колхозунда (азыркы Алай районундагы В. И. Ленин атындагы колхоз) жардамчы чабан болуп иштеп, 1960-жылдан баш чабан. Кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты натыйжаларга жетишип, 1985-жылы ар 100 тубар токтудан 127ден козу, 5,2 кгдан жүн кыркып алган.

Сыйлыктары түзөтүү

Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Борбугулов М. "Ош тарыхы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.