Жара — тери же былжыр челдин жана анын алдында жаткан ткандардын бузулган жери. Жара дененин сыртында жана ички. органдарда (карын, ичеги жана башка) кезигет. Анын пайда болушуна териге механикалык (сүрүлүү, басым), физикалык, химиялык жана башка таасирлер, кан жана лимфа айлануусунун бузулушу (мисалы, вена кан тамырынын варикоздук кеңейиши, атеросклероз ж. б-да кандын токтоп калуусу), сезгенүү процесси (туберкулёз, ириң инфекциясы), зат алмашуунун бузулушу (кант диабети, авитаминоз), катуу кайгыруу жана башка себеп болушу мүмкүн. Жара дененин ар кандай бөлүгүндө жайгашат, айрыкча бутта көп жолугат. Ооздогу, ички органдардагы жара (стоматит, жара оорулары) өзгөчө мүнөздө болот. Жара жалгыздан же көптөн чыгып, көлөмү, формасы жана терендиги ар кандай, Кээде Жара өтө терең кетип, ар кандай ткандарга — май, булчуң, сөөккө чейин жетет. Жаранын бети ириң же тырык, же бириктиргич ткандар менен капталат. Жара өтө кабылдап, күчөп кеткенде кан агат, мисалы, карын жана он эки эли ичегинин жарасынан кан акканда, оорулуу аз убакытта эле өтө көп кан жоготушу мүмкүн. Бул убакытта тезинен дарылоо жүргүзүлүп, операция жасалат. Жараны дарылоо түрдүү комплекстерден турат: түрдүүлөп жакшы тамактануу, кан айланууну, зат алмашууну калыбына келтирүү, витамин берүү, операция жасоо, организмде болуп жаткан биохимиялык өзгөрүүлөргө дайыма көз салуу жана башка. Алдын алууда, мисалы, веналардын кеңейишинде жараны болтурбоо үчүн атайын чоюлгуч байпак кийип, эмгек жана эс алууну жөнгө салуу, врачтын сунушун так аткаруу керек. Кээ бир ооруларда (кант диабети, эндартериит) Жараны алдын алуу үчүн бутту урунуудан жана майда жарааттан сактоо, негизги ооруну врачтын көзөмөлүндө өз убагында дарылоо зарыл. Ооздогу жараны алдын алууну, Стоматит, карын жана он эки эли ичегинин жарасын алдын алууну, жара оорусу.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8