Жарандык коргонуу ― калкты душмандын мүмкүн боло турган кол салуусунан сактоо жана эл чарбасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында тынчтык жана согуш мезгилинде жүргүзүлүүчү жалпы мамлекеттик коргонуу чараларынын системасы. Калкты жана чарбаны коргоо чаралары Биринчи дүйнөлүк согуш (1914—1918) убагында эле башталып, Экинчи дүйнөлүк согуш (1939―1945) учурунда маанилүү роль ойногон. Куралдуу күчтөрдө ядролук куралдардын, ракеталардын пайда болушуна жана көбөйүшүнө байланыштуу 1950-жылдардан ири мамлекеттердин көпчүлүгүндө жарандык коргонуу түзүлгөн. 1972-жылдан жарандык коргонуунун эл аралык уюму уюшулуп, ага Африка, Латын Америка жана Азия өлкөлөрү кирген. Жарандык коргонууга жалпы жетекчиликти өлкөнүн өкмөтү, ал эми жержерлерде жергиликтүү өкмөт уюмдары жүргүзөт. Жарандык коргонуу тынчтык жана согуш мезгилинде пайда болгон коркунучтардан калкты коргоо жана коргонуу ыкмаларына үйрөтүү, калкты, материалдык жана маданий дөөлөттөрдү кыйроодон сактап калуу үчүн кечиктирилгис иштерди жүргүзүп, аларды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү коммуналдык-техникалык кызматтардын жана коммуникациялардын туруктуу иштешин камсыз кылуучу шарттарды түзүү, азык-түлүктү, сууну сактоо жана башка милдеттерди аткарат. Жарандык коргонуу аймактык-өндүрүштүк принцип боюнча уюштурулуп, жарандык коргонуу жаатындагы иштер «Жарандык коргонуу жөнүндө» КРдын мыйзамы, жоболору жана ченемдик-укуктук актылары менен жөнгө салынат.

Булактар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5