Википедияга киришүү

Википедия сиздей адамдар тарабынан түзүлөт.

Википедия – адамзат тарыхындагы эң чоң эркин жана акысыз мазмундагы, көп тилдүү, универсалдуу онлайн энциклопедия.

Википедияга маалыматтар, аны колдонгон адамдар тарабынан, ачык кызматташуу аркылуу жазылат жана жүргүзүлөт. Ал эми википедия кызматташууну жеңилдетүү үчүн иштелип чыккан вики программасын колдонот. Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар өз тилдериндеги википедияга күнүнө миңдеген өзгөртүүлөрдү жасап, википедияны жакшыртууда.

Андыктан, сизди да википедиячылар катарында көргүбүз келет.

Бул окуу куралында википедияга макала жазуу, пикир калтыруу, барактарды багыттоо, медиа файлдарды жүктөө, шилтемелерди киргизүү сыяктуу бардык негизги маалыматтарды таба аласыз. Ар бир окуу куралы бир нече мүнөт гана убакытты алат. Демек, сиз тез аранын ичинде чебер википедиячы боло аласыз!

Баштоо
Эрежелер жана көрсөтмөлөр


Вики коддоо редактору негизги барактын булак кодун көрсөтөт жана кадимки текст файлы сыяктуу иштейт. Шилтемелер жана башка элементтер [[Жер]] сыяктуу жөнөкөй код менен көрсөтүлөт.
Түзөтүү
Шилтеме берүү
Сүрөттөр
Жадыбалдар


Визуалдык редактор тексттик редактор сыяктуу иштейт жана негизги булак кодун жашырат. Шилтемелер жана башка элементтер куралдар тилкеси жана калкып чыкма интерфейстер аркылуу түзөтүлөт.
Түзөтүү
Шилтеме берүү
Сүрөттөр
Жадыбалдар


Талкуу барактары
Багыттоолор
Стиль нускамасы
Жыйынтык


Бардыгын бир баракта көрүү

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөндөгү бөлүмдөргө баш багыӊыз:

Жалпы маалыматтарды камтыган жамаат порталы
Макала жазууда эрежелер