"Жардам" (англ. The Help, орус. Прислуга) - 2011-жылы Тэйт Тэйлор сценарийин жазып жана тарткан америкалык доорду баяндаган драма. Тасма 2009-жылы Кэтрин Штокетс жазган романдын адаптацияланышы болуп саналат. Тасмага Жессика Честейн, Виола Дэвис, Брайс Даллас Ховард, Эллисон Женни, Октавия Спенсер жана Эмма Стоун тартылышкан. Тасма жана роман, жаш айым жана алга умтулган журналист Евгения "Скитер" Феландын окуясын баяндайт. Окуя 1962-жылы Жексон, Миссиссиппи штатындагы "Жарандык укук кыймылы" жүрүшү убагында орун алып, Скитердин Айбилиин Кларк жана Минни Жексон аттуу эки кара терилүү кызматчы менен болгон мамилесин чагылдырат. Скитер мыйзамдуу журналист жана жазуучу болуш үчүн кызматчылардын көз-карашы менен китеп жазууну чечет. Ал эми ал китепте америкалыктардын үйүндө кызмат кылган кара терилүү кызматчылар басынтууларга туш болуп жаткандыгын "жардам" деп кайрылуу аркылуу чечмелейт.

Жардам (тасма)
Режиссеру Тэйт Тейлор
Продюсер
Жазуучу Тэйт Тейлор
Оператору Стивен Голдблатт
Негизинде Жардам
автору: Кэтрин Стокетт
Тартылгандар
Музыкасы Томас Нүман
Редактору Хүс Уинборн
Студия DreamWorks Pictures
Touchstone Pictures
Reliance Entertainment
Participant Media
Image Nation
1492 Pictures
Harbinger Pictures
Жайылтуучу Walt Disney Studios
Motion Pictures
Чыккан жылы
Узактыгы 146 мүн.
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $25 млн[1]
Киреше $216.6 млн[1]

Тасма сын-пикирлер жагынан да, сатуу жагынан да ийгиликтүү болуп, дүйнө жүзү боюнча 216 миллион АКШ долларын тапкан. "Жардам"- тасмасы "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты актриса" (Девис) жана "Эң мыкты экинчи пландагы актриса" (Честейн жана Спенсер) аттуу төрт наамга көрсөтүлүп, Спенсер наамды жеңип алган. Ошондой эле тасма "Кино Актерлордун Гилдия Сыйлыгынын" тасмадагы актерлордун ролдорун эң мыкты аткаргандыгы үчүн жеңип алган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. 1.0 1.1 The Help (2011) – Box Office Mojo. Box Office Mojo.