Жаркынбаев Тагайбек
Жаркынбаев Тагайбек 1954-жылы 2-июлда Сузак районунун Көк-Кыя айылында туулган.
- 1972 -жылы Макаренко атындагы орто мектепти,
- 1977-жылы Фрунзе шаарындагы финансалык техникумду аяктаган.
- 1972-1974-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
- Эмгек жолун 1977-жылы Сузак райондук Аманат кассасында текшерүүчү инспектор болуп иштеп баштаган.
- 1978-жылы Коммунисттик партиянын катарына мүчө болуп кабыл алынган.
- 1979-1986-жылдары «Дружба» совхозунда учетчик, бригадир, комплекс жетекчиси болуп иштеген.
- 1990-жылы Новосибирск шаарындагы Айыл чарба институтунун зооинжинер факультетин бүтүргөн.
- 2005- 2006- жылдары Сузак районунун акими,
- 2006-жылдан, Жалал-Абад областынын алдындагы баалуулуктарды коргоо аймагынын башчысы болуп эмгектенет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3