Жармасай чопо кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Сүлүктү шаарынан 4 км батышта, деңиз деңгээлинен 1120–1319 м бийиктикте. 1968–69-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен эки участоктон турат. №1 участок төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кумайлуу чоподон турат. Кумайлуу чопонун астында шагыл, үстүндө 0,3–0,5 м калыңдыкта кыртышы жатат. Кумайлуу чопонун калыңдыгы 3,0 мден 18,0 мге чейин өзгөрөт, орточосу 8,3 м түзөт. Кумайлуу чопо лёсс сымал, өңү саргыч–боз түстө. №2 участок палеоген мезгилинде пайда болгон чоподон түзүлгөн. Чопонун өңү саргыч күрөңдөн кызылга чейин өзгөрөт, сууда начар жумшарат, гипстүү. Узундугу 1000–1100 м, калыңдыгы 30 мден 56 мге чейин өзгөрөт. №1 участоктун кумайлуу топурагына №2 участоктун чопосунан 20% кошсо «75» жана «100» маркадагы кирпич даярдоого жарайт. Кумайлуу чопонун запасы В категориясы боюнча 920 миң м3, С1–1415 миң м3, В+С1- 2335 м3, С2–842 миң м3. Чопонун бекитилген запасы В – 207 миң м3, С1–128 миң м3, В+С1–335 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү