Жарыктын чачырашы - нерсенин бетине түшкөн жарыктын түрдүү багыт боюнча таралышы.

Нерсеге жарык түшкөндө андан чачыраган нур көзгө келип тиет да, биз нерсени көрөбүз.

Жарыктын чачырашынын эки түрү бар:

  • 1) чачыраган кезде жарыктын термелүү жыштыгы өзгөрбөсө (б. а. жарык менен нерсенин ортосунда энергиялык алмашуу болбосо), жарыктын серпилгичтүү чачырашы деп аталат;
  • 2) жарык чачыраганда жыштыгы өзгөрсө, серпилгичсиз чачыраш деп аталат. Жарыктын чачырашы - табиятта эң көп таралган кубулуштардын бири. Ал техникада жана заттын касиеттерин изилдөөдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.