Жарыкчыл өсүмдүктөр (гелиофилдүү же жарык жакшы көрүүчү өсүмдүктөр) - дайыма көлөкөдө өсө албаган, нормалдуу өсүшү үчүн күн нурун көп талап кылган, ачык жерде өсүүчү өсүмдүктөр.

Алар көбүнчө боздоң жана чөл зоналарында өсөт. Ал зоналарда күн ысык келип, сейрек өсүмдүктөрдүн көлөкөсү туташ тийбейт.

Жарыкчыл өсүмдүктөргө кайың, чөмүч баш, бака жалбырак, күн карама, жүгөрү, пахта, коон ж. б. кирет.

Жарыкчыл өсүмдүктөрдүн бир катар анат., морф. өзгөчөлүгү бар. Жалбырактары калың, майда клеткалуу, үттөрү көп, тарамыштуу, хлоропласттарга бай. Фотосинтез жана дем алуусу интенсивдүү өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.