Жарык диоду – жарык чыгаруучу жарым өткөргүчтөн турган диод. р жана n тибиндеги жарым өткөргүчтөрдөн түзүлгөн система жарым өткөргүчтүү диод деп аталат. Ушул система аркылуу ток өткөндө, алар тийишкен жерде пайда болгон р–n өтүүсүнөн жарык чыгат. Ар кандай электр-техникада колдонулуучу жарым өткөргүчтүү диоддон ток өткөндө, жарык нуру чыкпайт. Жарык диодун алыш үчүн n жана р тибиндеги жарым өткөргүчтөргө тиешелүү кошулманын концентрациясын көбөйткөндө өткөрүмдүүлүк пайда болот. Ал туннелдүү диод деп аталат. Туннелдүү диод аркылуу ток өткөндө, белгилүү бир шартта жарык нуру чыгат. Жарык диодунун спектр диапазонун кеңейтиш үчүн жарым өткөргүчкө кошулуучу аралашманын түрлөрү жана алардын комбинациялары колдонулат. Жарык диоду радио, электрондук, электр-техникалык алетте (прибордо) индикатор катары, светофордо, компьютерде, автоматтык көзөмөлдөөчү жана башка алетте (прибордо) колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1