Жарык полярлануусу – оптикалык нурлануунун перпендикуляр тегиздиктеги термелүүчү (жарык толкунунун таралуу багыты) жарык толкундарынын таралуу касиеттеринин бири. Жарык полярлануусу жарык толкунундагы электр (E) жана магнит (H) талааларынын мейкиндиктеги багыттарын мүнөздөйт. Жарык толкуну таралуу багытына (ылдамдыкка) өз ара перпендикуляр багытта, бирдей фазада жана жыштыкта термелүүчү электр (E) жана магнит (H) талааларынан түзүлгөн туурасынан кеткен толкун. Толкундардын бул векторлору белгилүү тегиздикте жатса же белгилүү бир багытты көздөй өзгөрсө, толкундар полярлануучу делет. E вектору жаткан тегиздик полярлануу тегиздиги деп аталат. Эгерде толкунда E вектору белгилүү бир тегиздикте жатса, мындай толкун сызыктуу полярланууга ээ. Полярланбаган жарык нурларынан (Күн, электр лампалары жана башка) поляризатордун жардамы менен керек болгон полярланган жарык нурларын алууга болот. По­лярлагычтын иштөө принциптери ар түрдүү оптикалык эффекттерге негизделген (кристаллдагы нурлардын экиге ажырашы, Брюстер эффектиси жана башка). Азыр жарыктын жаңы булактарынан (лазер, мазерлер) ар түрдүү полярланган нурлар алынат. Жарык полярлануусун 1704–06-ж. И. Ньютон киргизген.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1