Жарык ылдамдыгы – электр-магнит толкундарынын таралуу ылдамдыгы. Жарык ылдамдыгы вакуумда с=299792458±1,2 м/сек≈3∙108 м/сек (1980). Бул сан физикадагы фундаменталдуу туруктуу чоңдуктардын бири. Жарыктын табияты адам баласын ал дүйнөгө пайда болгондон тартып кызыктырган. 18-кылымдын аягына чейин жарык ылдамдыгы чексиз чоң деген ой кеңири колдонулган. Классикалык механиканын (Ньютон теориясынын) негизги жоболорунун бири катары жарыктын ылдамдыгы чексиз деп алынат. Жарыкты өзгөчө чөйрө эфирде таралуучу толкун деген көз караш көпкө чейин өкүм сүрүп келген. Бирок 18-кылымдын ортосунда франциялык физик Физо (1849) жана 19-кылымдын башында америкалык физик Майкельсон (1926) тажрыйбалардын негизинде жарык ылдамдыгы с=299796±4 км/секга барабар экендигин аныктаган (эң акыркы тажрыйбаларда такталган жарык ылдамдыгы с=299792,4562± ±0,0011 км/секга барабар). Жарык ылдамдыгы. чексиз эместиги физикадагы теорияларды жана көз караштарды кайрадан карап чыгууга мажбурлады. Натыйжада Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы түзүлүп, Максвеллдин электр-магниттик кубулуштар теориясынан жарык электрмагниттик толкундун көзгө көрүнүүчү диапазону экендиги аныкталган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү