Жарыялоо - публикация (лат. publico – эл алдында жарыялоо) – басма сөз, телекөрсөтүү, радио уктуруу, маалымат агенттиги жана башка каражаттардын жардамы менен окуя, көрүнүш, жаңылыктардын таркатылышы. Басма ишинде – мезгилдүү эмес жыйнак, адабий чыгарма же сериялуу басылма; гезит-журналдарда материалдарды басып чыгаруу процесси. «Жарыялоо» термини эл арасында басма сөз же башка маалымат куралдарынын (мисалы, үн жазуу жана башка) көчүрмөлөрүн сатуу жана таркатуу иши менен да байланыштырылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1