Жасмин (бадал)өсүмдүктөрдүн гидрангиялар тукумундагы кооз бадал. Ал экиге бөлүнөт.

  1. Бак жасминдин (лат. Philadelphus) жалбырагы тушташ жайгашкан, бүтүн кырдуу, гүлү ак же боз, жыттуу. Евразия менен Түштүк Американын мелүүн алкактарында 75; 3–4 түрү (Кавказ жана Ы. Чыгышта) өсөт. Кооз өсүмдүк катары ири гүлдүү жасмин, жыттуу жасмин, ошондой эле гибрид сорттору (Лавина, Монблан, Глетчер жана башка) өстүрүлөт.
  2. Кадимки жасмин (лат. Jasminum) – жалбырагын күбүмө же дайыма жашыл бадал же лиана. Гүлү ак, сары же кызгылт, жыттуу. Тропик жана субтропик зонада 300дөй түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү Крым, Кавказ, Орто Азияда өсөт. Ири гүлдүү жасмин менен жыттуу жасминдин гүлүнөн эфир майы алынып, атыр жасоодо пайдаланылат. Индия жасмини – дайыма жашыл лиана өсүмдүгү, кооздук үчүн үйдө өстүрүлөт.
Jasminum officinale.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1