Жахиль

Жахилия‎»‎ барагынан багытталды)

Жахиль жана Жахилия (орой киши, жапайы, сабатсыз) — Сабатсыздык, карангылык, түркөйлүк деген мааниде. Ислам дини келгенге чейинки караңгы доордун аты, жахилия доорунда жашаган адамдарды атоочу термин. «Жахиль» термини орто кылымдарда ислам уламалар менен мусулман коомундагы динден танган адамдарды сүрөттөө максатында колдонулган. Радикалдык идеологиялардын заманбап түшүнүгүндө бул термин шариаттын талаптарын аткарбаган жана исламды тутпаган мусулмандарга жана жарандык коомго карата колдонулат. Исламдын канондук түшүнүгүндө мындай мусулмандар фасикун 1 (бузулгандар) деп аталышат.