Жаштардын эл аралык оюндары

Жаштардын эл аралык оюндары – спорттун 15 түрү боюнча жашы 18ге чейинки жаштар катышкан эл аралык мелдештер. Эл аралык Олимпия комитетинин көзөмөлү астында Москва шаарында 1998-ж. 20-июлда өткөрүлгөн. 131 өлкөнүн спортчулары катышкан. Олимпия оюндарынын салты боюнча жаштар эл аралык оюндарында Олимпия кыштагы курулуп, Грекияда күйгүзүлгөн Олимпия оту эстафета аркылуу жеткирилип жана Олимпия желеги көтөрүлөт. Жаштар эл аралык оюндарына катышкандардан 64 өлкөнүн спортчулары байгеге жетишкен. Командалык эсепте биринчи орунга Россия (64 алтын, 29 күмүш, 31 коло), экинчиге Украина (10, 19, 23), үчүнчүгө Кытай (21, 7, 9) татыган. Жаштар эл аралык оюндарында негизги программадан тышкары спорттун 30 түрү боюнча көрсөтүү иретинде мелдеш жана «Жаштар – Илим – Олимпизм» деген илимий форум (150 окумуштуунун катышуу менен) болуп өткөн. Жаштар эл аралык оюндарынын жеңүүчүлөрүнүн жана байгеге ээ болгондордун ичинен Олимпия оюндарынын азыркы чемпиондору жана байгеге ээлери өсүп чыккан. Кыргызстандан бул оюндарга К. Бегалиев (грек-рим күрөшү), Д. Көбөнов (грек-рим күрөшү; 3-орун) жана башка катышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1