Жашыл без - рактын бөлүп чыгаруучу жуптуу органы. Муруттун түбүнөн ачылган алып кетүүчү канал кетет. Рактын организминен Ж. б. аркылуу канда эритилген зыяндуу заттар чыгып турат.

Желе бездери - айрым жөргөмүш сымалдардын желе чыгаруучу органдары. Ж. б. кенелердин буттарында орношкон. Жөргөмүштүн Ж. б. курсагында (ала жөргөмүштүн ургаачысында 1000ге чейин Ж. б. бар) жана алар атайын желе сөөлчөлөргө ачылат. Жөргөмүштүн Ж. б-нин ишкердиктүүлүгү өтө жогору; ала жөргөмүштөн бир эле жолу 500 мге чейин жипти алса болот, ал эми 3-4 күндүн ичинде бир нече жолу түрсө – 1000 мге чейин жип алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү