Жашыл кур бака (Bufo viridis, Laurenti, 1768) - Таксономиялык жагынан толук изилденген эмес, эволюциялык изилдөөлөрдүн обүектиси катары мааниге ээ, ошондой эле регионалдык генофонду сактоо катары да; республиканын фаунасында Bufonidae тукумунун эки түрдүн бир өкүлү.

Жашыл кур бака.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Европадан, Түндүк Африкадан, Алдынкы Азиядан тартып Орто Азияга чейин таралган, бул жерлерде таралышынын ареалы Чу жана Көп суулардын өрөөндөрү, Моюнкум чөлүнүн түштүк чек аралы менен чектелген . Кыргызстанда Чүй өрөөнү, Кыргыз Алатоосунун этеги жана Талас суусунун нугу менен Казакстандын чегине чейин. Бул райондордогу жашыл кур бакаларды мурун “ t urаnensis” жана “ asiomontanus” формаларына киргизишчү, булар Bufo danatensis Pisanetz синоними болчу ( Кыргызстандын башка территорияларында жашоочу данатин кур бака).

Жашаган аймактары түзөтүү

Чүй жана Талас өрөөндөрүнүн антропогендик ландшафттары, деңиз деңгээлинен 1200 м.ге чейинки бийиктикте, Кыргыз Алатоосунун этектеринде жапыз чөптүү талаалар.

Саны түзөтүү

Бул комплектеги түрлөр үчүн, Кыргызстандагы жашыл кур бака аз сандуулугу менен мүнөздөлөт. Ак-Суу дарыясынын төмөнкү жагында көбөйүү жерлеринде максималдык жыштыгы 1 гектарга 10-12 жуп особдор туура келет. Кыргыз Ала-Тоосунун этектеринде, Жыламыш, Аламүдүн ж.б. суусу аралаган капчыгайлар бою эсепке алынган маршрута 1 сааттын ичинде ( туурасы 5м келген тилке боюнча) 1-3 төн 15 чейин особдор кездешет . Акыркы 12-16 жылдын ичинде санынын төмөндөшү жана ареалынын кыскарышы байкалды (Кыргызстанда).

Жашоо тиричилиги ( жашоо циклдары) түзөтүү

Чээнден чыгуу жана көбөйүшүнүн башталышы жылдын фенологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша – марттан тартып май айына чейин болот. Көбөйүү цикли узак. Көбөйүү мезгилинен сырткары күүгүмдө активдүү, ал эми жайкы ысык айларда жашоо тиричилигин түнкүсүн өткөрөт. Бир таштаган икрасынын саны 3-12 миңге жетет. Бир айлыктардын кургакка чыгышы июндан баштап август бою. Кумурскалар, кенелер, гусеницалар, дуулдактар, кыпчуурлар, моллюскалар чоңдорунун азыгынын негизги обүектилери ; көнөк баштар болсо детрит жана балырларды жешет.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Көбөйүүгө ыңгайлуу жерлердин азайышы: ирригациялык иштер, тоо суулардын агышынын өзгөрүшү, жерлерди айдоо, жашоо жерлеринин булганышы; Тетраплоиддик Bufo danatensis түр менен конкуренция түзүү, машина жолдорунда тебеленип өлүшү.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Бирин-серин маалыматтар бар ; Кыргызстанда жүргүзүлбөйт. КР УИАнын Биология-топурактануу институнун түр аралык аргындаштыруу боюнча бир катар тажрыйбалардын натыйжасында маалыматтар алынган.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Коргоонун атайын чаралары иштелип чыга элек. Токмок заказнигинин территориясында жашаган аймактары жана популяциялары жалпы режими менен коргоолууда.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Төмөнкү (Аксуунун нугу боюнча Түлөк кыштагынын аймагы) жана тоо (Аламүдүн же Жыламыш сууларынын капчыгайлары) популяциясынан коргоого алынган жер бөлүп берүү.

Статусу түзөтүү

VU B2ab ( i i ,i i i , iv) ; D 2 категориясы; Акыркы мезгилде кескин түрдө популяциясынын жыштыгы төмөндөгөн Кыргызстандагы сейрек түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү