"Жашыруун фигуралар" (англ. Hidden Figures, орус. Скрытые фигуры) - 2016-жылы Теодор Мелфи тарткан америкалык биографиялык драма. Сценарийин Теодор Мелфи жана Аллисон Шредер жазган. Тасманын негизги идеясы ушул эле аталыштагы Марго Ли Шеттерлинин китебинен алынган. Тасма НАСАда иштеген афро-америкалык эки математик аял жөнүндө баяндайт. Тасмага Таражи П. Хенсон "Меркурий" жана башка долбоорлордун учуу траекторияларын эсептеп чыккан математик Кэтрин Жонсон катары катышат. Мындан сырткары Октавиа Спенсер (Дороти Ваган), Жанел Монае (Мэри Жэксон), Кевин Костнер, Кирстен Данст, Жим Парсонс, Глен Пауэл жана Махершала Али тартылышкан.

Тасманы тартуу иши Атлантада 2016-жылдын мартынан тартып май айына чейин созулган. Тасманы 2016-жылы 25-декабрда "20th Century Fox" жарыкка чыгарган жана киносынчылардын жылуу пикиринен кийин дүйнөлүк аренадан $224 млн чогулткан. Тасма Киносынсыларынын Улуттук Кеңешинде 2016-жылдын эң мыкты он тасмасынын бири деп табылып, көптөгөн сыйлыктарды алган. Оскардын "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты сценарий" жана "Эң мыкты экинчи пландагы актриса" сыйлыктарына татыган жана эки "Алтын Глобус" сыйлыгын да "Мыкты экинчи пландагы актриса" жана "Мыкты музыка") утуп алган. Тасма "Гильдия" киноактерлор сыйлыгында "Motion Picture" кастинги "Мыкты аткаруу" наамын алган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү