Жаңыдаван мөңгүсүАлай кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун оң курамы Кожашкандын алабында жайгашкан. Узундугу 4,1 км, аянты 3,4 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4880 м, этеги 3720 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м, абляция облусунун аянты 2,2 км2. Мөңгүдөн Кожашкан суусунун оң куймасы Жаңыдаван суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү