Жаңыконуш (Зор), Тоо - Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш учунда, Сөөк жана Алайкуу сууларынын аралыгында жайгашкан. түндүк-чыгыштан түштүк-батышка 22 кмге созулат. Туурасы 5–6 км. Орточо бийиктиги 4000–4200 м, эң бийик жери 4566 м (Зор чокусу).

Кыры аскалуу жана мөңгүлүү, капталдары тик, капчыгайлуу. Негизинен юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит тектеринен түзүлгөн. Субальп жана альп доңуз сырттуу шалбаа жана шалбаалуу талаа (2900–3100 м бийиктикке чейин), бийик тоолуу субнивалдык жана гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү