Жаңылсынзат Турганбаева

Жаңылсынзат Турганбаева - (1970-жылы туулган) “Супара” этнокомплексинин кош-негиздөөчүсү жана башкы директору, “Супара” компаниясынын башкаруучу акционери, маркум Табылды Эгембердиевдин жубайы.

Жаңылсынзат Турганбаева
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

Ишкер

Туулган датасы:

1970 жылы

Жарандыгы:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Күйөөсү:

Эгембердиев Табылды Бердигулович (1951-2015)

Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

Кыргыз этнографиялык туризмине кошкон салымы түзөтүү

Жаңылсынзат Турганбаева Кыргызстандын негизги өзгөчөлүгү – абасы, суусу, тунук жаратылышы жана эли деп эсептейт. “Супара” жаратылышты сүйгөн туристтерге эсептелген. “Супарадагы” комплекстерде, мисалы, англис газону жок: комплекстин ээлери табигый көрүнүшүн сактап калууга умтулушат. “Супаранын” тегерегинде Табылды Эгембердиев тоолуу аймактардан атайын алып келген сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү табууга болот.

Жаңылсынзат Турганбаева туризмди өнүктүрүү үчүн жаратылышка тийбестен эле шарттарды түзүп, тейлөөнү уюштурса болот деп эсептейт. Мисалы, жетүүгө кыйын болгон табигый кооз жерлерге жакшы жолдор салынып, жашоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлсө,калган ишти табият жана жергиликтүү тургундар колго алат.

Этнокомплекс бардык сүт азыктарын жергиликтүү тургундардан гана сатып алат: бул кымбатка турганы менен, Кыргызстандын жарандарына ушундай жол менен колдоо көрсөтүлүп келет.

Жаңылсынзат Турганбаева “Кыргызстан жана Түркия элдеринин тамактануу маданияты: тандалма даамдар” аттуу китептин авторлорунун бири [1] Archived 2022-02-24 at the Wayback Machine .

Турганбаева жолдошунун кыргыз элинин тиричилиги жөнүндө интерактивдүү музей ачуу боюнча көптөн берки кыялын ишке ашырды [2] [3]. “Музей пайда көрүү үчүн эмес, байыркы кыргыздардын тиричилигин көрсөтүү максатында ачылган”, - дешет ээлери. Бул музейдин базасында сайма сайуу, ашпозчулук жана улуттук оюндар боюнча мастер-класстар өтүп турат.

Шилтемелер түзөтүү

Организация Объединенных Наций. Кыргызстан Турганбаева - владелица этно-резорта Супара. Истории женщин-предпринимательниц из Кыргызстана

Бурулкан Сарыгулова, Канат Рыскулов, Бексултан Абибакир уулу. “Супаранын” жетекчиси жолдошу, музей жана чыгармачылыктын мааниси тууралуу

Жанылсынзат Турганбаева.Три года как нет Табылды Эгембердиева. 12 фактов об основателе "Шоро"

UNDP. Кыргызская Республика.12 видео-историй успешных предпринимательниц Кыргызстана Archived 2022-02-24 at the Wayback Machine