Жаңы-Базар шаар калдыгы
Жаңы-Базар шаар калдыгы – эрте темир дооруна мүнөздүү археологиялык эстелик. Төрт чарчы. Аянты 10 га. Эски-Ноокат кыштагынан 8 км түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Түштүк тарабындагы дубалынын жанында цитадели болгон. Дубалдарына мунаралар тургузулган. Шаарга Түндүк тараптан киришкен.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5