Негизги макала: Вануату

Жаңы Гебрид аралдарыжанар тоонун атылышынан пайда болгон архипелаг. Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө. Вануатуга карайт. Аянты 14,8 миң км2, бийиктиги 1860 мге чейин. 60ка жакын жанартоо бар, анын 10у аракетте. Климаты тропиктик, нымдуу. Абанын айлык орточо температурасы 20–27ᵒС. Жылдык жаан-чачыны 1000 мм. Түндүгүндөгү аралдарын тропик токою, түштүгүндөгүлөрүн саванна ээлейт. Калкы 200 миңдей (2008). Бал камыш, кофе, какао, пахта өстүрүлөт. Эфат аралында Вануатунун административдик борбору жана порту – Вила шаары жайгашкан. Жаңы гебрид аралдарын 1606-ж. португалиялык деңиз саякатчы П. Кирос ачкан; 18-кылымдын 70-жылдарында Ж. Кук изилдеп, атын койгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1