ЖЕДИГЕР уруусу орто кылымдардагы жазма булактарда маалымдалат. Элдик санжырада Койлондон Жедигер уруусу чыгары баяндалат.

16-кылымдагы Сайф ад-Дин Аксикендинин «Мажму ат-Таварихинде» Жедигерлер Тагай баатырдын Кулан (Койлон) аттуу уулунан тарайт деген санжыралык маалымат бар. Жедигерлер "Манас" дастанынын дээрлик бардык варианттарында кыргыз урууларынын бири катары кездешип, Жедигер уруусунун башында Багыш деген белгилүү жетекчи турганы айтылат. Андан бөлөк кыргыз санжыраларында Жедигер аттуу Астрахан ханы жөнүндө да баян айтылган. 1549-ж. Казан шаары Едигенин тукуму Жедигер тарабынан басылып алынганы маалым.

Этностук аталышы казактарда – жедигер, лакайларда – жадыгер формаларында кездешет. Айрым маалыматтар Жедигердин орто кылымдардагы печенег, кыпчак тилдүү этностук чөйрө менен байланышы болгонун маалымдайт. Мисалы, кооз (жедигер) – кууз, гууз, окуз, уз. Мындан бөлөк этнонимди байыркы игдер уруусунун аталышы менен тең катар кароого болот. Болжолу, Жедигер этнониминин баштапкы формасы жети игдер же жети бөлүктөн турган уруулардын бирикмеси, союзу дегенди түшүндүрүшү ыктымал. Игдер (игдир) этнониминин удаалаштары азербайжандардын, Түркия түрктөрүнүн, Ирандагы түрк (огуз) тилдүү этностордун курамында да кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)