Жез оксиди - жез менен кычкылтек бирикмелери: жез (I) оксиди Сu2О, жез (II) оксиди СuО, жез пероксиди СuО2 жана Сu2O2 Жез пероксиди туруксуз келип, кычкылтек атм-сында 100-150°С толук ажыроого учурайт. Ж. о. СuО — жаратылышта тенорит же мелаконит минералы түрүндө учурайт. Ал туруксуз, 800°С баштап ажырайт. 450°С Н2 жана СО таасири менен оңой эле металлга чейин калыбына келет. К-таларда жана цианид эритмелеринде жакшы эрийт. Бул касиети жезди гидрометаллургиялык ыкма менен бөлүп алууда пайдаланылат. Жез (I) оксиди Сu2О — жаратылышта куприт минералы түрүндө жолугат. 1230°С ажырабастан эрийт, бирок ал абада 1070°С жогорку темп-рада гана туруктуу. Мындан төмөнкү темп-рада Ж. к-на чейин окистенет . Ж. о. сыяктуу Н2, СО таасиринен металлга чейин калыбына келет. Ал жезди аба жетишсиз жерде ысытуудан алынат. Ж. жашыл, көгүш түстөгү эмаль боёкторду алууда, рубин айнектерине жашыл-көгүш түс берет, а. ч. зыянкечтерин жок кылуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү