Жейкоб Бенжамин "Жейк" Жилленхол (англ. Jacob Benjamin "Jake" Gyllenhaal, айтылышы: [/ˈdʒɪlənhɑːl/ jil-ən-hahl]; 1980-жылы 19-декабрь) – америкалык актёр. Режиссер Стивен Жилленхол менен сценарист Наоми Фонердин уулу. Актёр бала кезинен бери "Шаардык мактанчаактар" (англ. City Slickers, 1991), "Коркунучтуу аял" (англ. A Dangerous Woman, 1993) жана "Колдо туума" (англ. Homegrown, 1998) сыяктуу тасмаларда тартылган. Актёр "Октябрь асманы" (англ. October Sky, 1999) тасмада Хомер Хикэмдин ролун аткарып, атактуулукка жеткен. "Донни Дарко" (англ. Donnie Darko, 2001) тасмасында эжеси Мэгги Жилленхол менен бирге тартылып, психологиялык жактан оорулуу өспүрүм баланын ролун аткарганы үчүн Independent Spirit Award сыйлыгынын "Эң мыкты башкы актёр" номинациясына татыган. Кийин "Тартиптүү" (англ. The Good Girl, 2002) аталышындагы инди жанрындагы тасмада тартылган. "Бүрсүгүнү" (англ. The Day After Tomorrow, 2004) тасмасында климаттын катастрофалык өзгөрүлүшүнө курчалган студенттин ролун аткарган.

Jake Gyllenhaal in Hollywood California - June 2019

2005-жылы Жилленхол "Деңиз пехотасы" (англ. Jarhead) тасмасында Энтони "Суофф" Суоффордтун ролун, "Далил" (англ. Proof) тасмада Гвинет Пэлтроудун сүйгөнүнүн ролун жана Энг Линин "Тоонун сыры" (англ. Brokeback Mountain) тасмасында Жек Твисттин ролун аткарган. "Тоонун сыры" аттуу тасмада роль аткарганы үчүн актёр киносынчылар тарабынан жогору бааланып, BAFTA сыйлыгынын "Эң мыкты жардамчы актёр" номинациясына татыган .Ал эми, АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгынын "Экинчи пландагы актёрдун көрүнүктүү роль аткаруусу" номинациясына, "Спутник" сыйлыгынын "Эң мыкты жардамчы актёр" номинациясына жана "Оскар" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актёр" номинациясына талапкерлиги коюлган.

Актёр "Зодиак" (англ. Zodiac, 2007), "Бир туугандар" (англ. Brothers, 2009), "Фарс канзаадасы: Заман кумдары" (англ. Prince of Persia: The Sands of Time, 2010), "Сүйүү жана башка чаралар" (англ. Love & Other Drugs, 2010) – ("Алтын глобус " сыйлыгынын "Эң мыкты актёр" номинациясынын талапкерлиги), "Баштапкы код" (англ. Source Code, 2011), "Кайгуул топтун кезметинин соңу" (англ. End of Watch, 2012), "Абактагылар" (англ. Prisoners, 2013), "Душман" (англ. Enemy, 2013), "Түнкү чайкоочулук" (англ. Nightcrawler, 2014), "Сологой" (англ. Southpaw, 2015) жана "Түнкү жырткычтар" (англ. Nocturnal Animals, 2016) сыяктуу тасмаларда роль аткарганы үчүн көпчүлүккө таанымал болгон. "Түнкү чайкоочулук" тасмада аткарган ролу үчүн актёр кеңири атактуулукка жетип, киносынчылар тарабынан жогору бааланган. Ошондой эле ,ал "Алтын глобус " сыйлыгынын "Эң мыкты актёр" номинациясынын жана АКШнын киноактерлор гильдиясы сыйлыгынын "Башкы актёрдун көрүнүктүү роль аткаруусу" номинациясынын жана BAFTA сыйлыгынын "Эң мыкты актёр" номинациянын талапкери болгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү