Мэдисон Джеймс (1751–1836) – америкалык мамлекеттик ишмер жана саясий ойчул. Мэдисон эл – саясий бийликтин жалгыз булагы жана шайлоо-республикалык башкарууну мүнөздөгөн белги деген ойдун талапкери болгон.


Бирок көпчүлүктүн фракциясы Мэдисонду коопсуздандырган. Ал белгилегендей алар бийлик башында туруп, азчылыктын кызыкчылыгын басат деген. «Ошондуктан, – деп жазат «Федералистикада» (1787) Мэдисон, – бир кызыкчылыкка баш ийген көпчүлүктүн макулдашып аракет кылып, зулум ойлорун ишке ашырышына жол бербей, бир чыгуу жөндөмдүүлүгүн жок кылуу керек». Мэдисондун ою боюнча көпчүлүктөн фракциясынын бузуку кесепеттеринен республика гана сактай алат.


Ал демократиядан: биринчиден, мамлекеттик башкаруунун полномочиясы башка граждандар тарабынан шайланган аз сандагы граждандарга берилет; экинчиден «республиканын укугу жайылган өлкөнүн зор аймагы жана көп сандаган граждандардын болушу менен айырмаланат. Зор аймактагы жана көп элдүү республикада, б. а. социалдык плюрализм тартибинде, эл өкүлдөрүн кылдат тандап алуу мүмкүнчүлүгү көбөйөт. Мэдисондун кадыр-баркы Монтескьенин бийликтерди бөлүштүрүү принцибин иш жүзөгө ашырууга байланыштуу да өскөн. Бирок Медисон француз агартуучусунун бийликти бөлүштүрүү теориясына чыгармачылык менен мамиле кылган. Ал иштеп чыккан «кармап туруу жана тең салмактуулук» системасына ылайык өч бийликтин (мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана соттук) ар бири салыштырма тең болуп калышат. Бул Медисондун кармап туруу жана тең салмактуулук механизми азыркы күнгө чейин АКШнын саясий системасында колдонуп келет. Кара Бийликтин бөлүнүшү.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Инсандар (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9