Жеймс Фенимор Купер (15.9.1789, Нью-Жерси штаты, Берлингтон — 14.9.1851, Нью-Йорк штаты, Куперстаун) — америкалык жазуучу, 19-кылымдагы америка адабиятынын классиги. 1803—05-жылы Йель коллежинде окуган. Агартуучул салттарды романтизм менен айкалыштырган («Сактык», 1820). Түндүк Американы каратуу убагындагы баатырдык жана трагедиялуу окуялар ж-дөгү романдар цикли (Мергенчи Натти Бумно жана анын досу индей Чингачкук жөнүндө бешилтик, анын ичинде «Пионерлер», 1823; «Могикандардын акыркысы», 1826) жана укмуштуу окуялуу «деңиз романдары» («Лоцман», 1823) дүйнөлүк балдар адабиятынын классикасы болуп калды. «Моникиндер» (1835) социалдык-саясий сатирасы, «Кратер» (1847) аттуу пессимисттик утопиясы, «Шпион» (1820), «Браво» (1831), «Гейденмауэр» (1832) тарыхыйлык, «Землемер» (1845) романдары бар. Айрым чыгармалары экрандаштырылган. Чыгармалары: Собр. Соч.: В 9 т. М., 1991—1993.

Excursion in Italy, 1838-ж

Колдонулган адабияттар түзөтүү