Жейре, чүткөр (Hystrix indica), (Kerr, 1792):

Жейре.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Батыш Европанын түштүгү, Алдыңкы жана Орто Азия, Индия. Кыргызстанда чүткөрдүн жашоо аймактары тоо этектеринин булуң-буйткалуу релңефине, деңиз деңгээлинен 2300 м бийиктикке чейинки орто тоолуу райондорго туш келет. Кыргыз, Талас, ошондой эле Фергана жана Чаткал тоо кыркалары. Чоңкеминде жана Боом капчыгайында кездешкендиги жөнүндө маалымат бар.

Жашаган аймактары түзөтүү

Чүткөр Талас жана Чаткал тоо кыркаларынын булактардан алыс эмес, бадалдуу төмөнкү бөлүктөрүн артыксынтат. Кыргыз тоо кыркаларында көбүнчө тоо этектеринде жумшак жана камыштуу жерлерде кездешет.

Саны түзөтүү

Бардык жерде сейрек, бирок азыркы кездеги саны боюнча так маалымат жок.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Адатта чүткөрлөр чоң эмес колониялар менен отурукташчу, бирок акыркы он жылдыктарда санынын азайышына байланыштуу жалгыздан гана кездешет. Тиричилигин түнкүсүн жүргүзөт, ийинин өзү казат, ийиндери туруктуу болот жана сыртка чыгуучу бир нече жолдору бар. Ал эми азыктанууга бир гана жол менен чыгат да, ал жол бутактанбайт. Адабияттагы маалыматка караганда жылда бир гана жолу көбөйөт. Апрелде 2 – 5 чөндөлөй туулат, алар июлдун аягында эле өз алдынча жашоого жөндөмдүү болушат. Жай мезгилинде чүткөрлөр өсүмдүктөрдүн жашыл бөлүктөрү менен, мөмөлөр жана уруктар менен азыктанышат. Бакчаларга жана огороддорго кириши мүмкүн. Кышында анча активдүү эмес, жаш дарактардын кабыгы, бутактар жана чөп өсүмдүктөрүнүн тамырлары менен азыктанат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Айрым жылдары кардын калыңдыгынын жана жердин тоңушунун себебинен ачкалыктан өлөт. Бирок негизги фактор – бул браконңерлик иш-аракеттер.

Көбөйтүү ( колдо багуу) түзөтүү

Алматы зоопаркында жана Казакстандын сейсмология Институтунун Биополигонунда багылат жана көбөйтүлөт, 7 чүткөр Чымкент жана Караганда зоопарктарында жашайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Сарычелек, Падышата, Бешарал коруктарында, Бешташ, Карашоро жана Аларча улуттук парктарында корголот. Казакстандын Кызыл китебине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Сакталып калган жерлерде зоологиялык заказниктерди түзүү.

Статус түзөтүү

VII категория, Lower Risk/least concerned, LR/lc, аз изилденген түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү