Жекелик - белгилүү мейкиндик жана убакыт менен чектелген айрым буюм, кубулуш же башка бир топко салыштырганда сапаттык жактан окшоштугу боюнча бириккен нерселердин системасы; берилген нерсенин сан жагынан бөлүнүшүнөн жеткен чеги.

Жекелик нерсенин өзүнө таандык болгон ички аныктыгы, б. а. анын башка нерселерге сапат жагынан окшоштугу. Бул окшоштук нерсени сан жагынан матем. эсептөөгө негиз болот. Буга байланыштуу Жекелик түшүнүгү эсептөөнүн негизи катары колдонулат.

Жекелик философиялык түшүнүк катары жалпылыктын диалек. карама-каршылыгын түзөт. Жекеликти жалпылыктан ажыратып кароого болбойт. Мындай учурда ал курулай абстракцияга айланат. Тескерисинче, жалпылыкты Жекеликтен бөлүүгө жарабайт. Анткени жалпылыкка тиешелүү белгилер Жекеликке да таандык болот.

Идеалисттер менен метафизиктер Жекелик менен жалпылыктын ортосундагы бул диалек. байланышты тушундурө алышпайт. Субъективдуу идеализм Жекелик сезүүнүн жыйындысы деп, жалпылыкты танат. Объективдүү идеализм болсо жалпылыкты нукура ойдун натыйжасы катары эсептеп, Жекеликти куру түшүнүккө айландырат.

Диалек. материализм боюнча Жекелик түшүнүгү объективдүү дүйнөнүн кубулуштарын чагылдырат. Ал кубулуштар бири биринен обочолонбостон, тыгыз байланышта болот. Окшоштук белгилерине, ички өз ара көз карандылыктарына, тегине байланыштуу нерселер, кубулуштар ар түрдүү деңгээлдеги бирдейлиги бар топторго биригет. Алардын өз ара байланыштары Жекелик, өзгөчөлүк, жалпылык түшүнүктөрү аркылуу көрсөтүлөт. Мисалы, арпа-жекелик нерсе, кылкандуу - өзгөчөлүк, өсүмдүк - жалпылык болот. Таанып билүүдө, практикада, коомдук турмуштун көрүнүштөрүнө баа берүүдө, догматизмге, ревизионизмге каршы күрөшүүдө Жекелик түшүнүгүнүн мааниси зор.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.