Жеке маалымат башкаргычжеке маалыматтарды көзөмөлдөөчү түзүлмө. Анын жолугушуулар, аткарылуучу иштин тизмеси, телефон сүйлөшүүлөрү, болжолдуу багыт же келечектеги долбоорлор жана башка түрү бар. Колдонуучу мурда жеке маалыматты көзөмөлдөөнү айрым жумушту көзөмөлдөгөн программаны бир пакетке бириктирүү менен уюштурган. Маалымат көп түрдүү болгондуктан, Жеке маалымат башкаргыч бардык аракеттерди аткартууга жөндөмсүз. Ошондуктан программалар төмөнкү элементтерди жана мүмкүнчүлүктөрдү: жолугушуу мөөнөтүн, электрондук жазуу китепчесин, менеджерге берилиш менен издөөнү гана сунуш кылат. Айрым жеке маалымат программа пакеттери телефон номурун терүү жана электрондук почта сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт. Жолугушуу календары күн же убакыт ичиндеги аракеттерди чектөөгө, электрондук жазуу китепчелери түшүндүрмөлөрдү (комментарийлерди) жазып турууга мүмкүндүк берет. Көпчүлүгү эки иш чара бир учурга дал келип калса, ал жөнүндө эскертип турат. Жеке маалымат башкаргыч пакеттерине Microsoft OutLook, Ecco Pro жана Lotus Organizer кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1