Жекишева Сагын Жекишевна

Жекишева Сагын Жекишевна (1948-жылы 15-августта Талас облусунун Арашан айылында туулган) – техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын ойлоп табуучулар жана рационализаторлор коомунун президенти. Изилдөөчү катары Жалал-Абад облусундагы кенде чийки заттан фарфордун касиеттерин изилдеген. Ал төмөнкү температурада өтө бекем фарфорду өндүрүүнүн ыкмаларын иштеп чыгып, андан электр өткөргүчтөрдүн линиялары үчүн изоляторлорду жасаган [1]. Ал түрдүү багытта колдонулчу төмөнкү температурадагы фарфор буюмдарын өндүрүүнүн оригиналдуу ыкмаларын иштеп чыккан [2]

Билими жана окумуштуу даражасы түзөтүү

Жекишева Сагын 1971-жылы Москвадагы кооперативдик институтту “Технолог” адистиги боюнча аяктаган. Москвадагы Г.В. Плеханов атындагы Эл чарба институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган (1980). Орусия Федерациясынын Электр керамика илимий-изилдөө институтунда докторантураны бүтүргөн (1995). Ташкент химия-технологиялык институтунда докторлук диссертациясын жактаган (1999-жыл). 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы Жакишева Сагынга техника илимдеринин доктору даражасын жана профессор наамын ыйгарган Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, 2004-жылы ошол эле академиянын академиги болуп шайланган [3] Archived 2022-02-13 at the Wayback Machine.

Окутуучулук иши түзөтүү

Окутуучулук ишин Жекишева Сагын 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде баштаган. Ушул эле жерден “Кыргызстандын жергиликтүү металл эмес сырьёлорунун негизинде керамикалык материалдарды изилдөө жана иштеп чыгуу” илимий ишин баштаган. Сагын Жекишева Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде сабак берген. Ошондой эле Бишкектеги башка университеттерде да иштеген.Учурда Жекишева Сагын Жекишевна Кыргыз-Орус Славян университетинин Архитектура жана өнөр жай жарандык имараттар кафедрасынын профессору [4].

Сыйлыктары түзөтүү

2018-жылы жигердүү кызматташтык, жемиштүү иши жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчигин коргоо системасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Жекишева Сагын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) Ардак грамотасы менен сыйланган [5] Archived 2022-02-13 at the Wayback Machine

Илимий эмгектери түзөтүү

Негизгилер: илимий адис. шифри 23.05.05 – курулуш материалдары жана буюмдары:

1. Жекишева, С.Ж. Өндүрүш калдыктары глазурду алуунун булагы катары [Текст] / С.Ж.Жекишева, Н.М.Хасанов, А.М.Мирджамолов Кыргыз-Орус Славян университетинин жарчысы. - Бишкек, 2017. – 17-том. - №8. - 103-105-беттер.

2. Жекишева С.Ж. Кыргыз Республикасынын Жаңы-Жол (Үчкурт) кенинен фарфор ташын пайдалануунун келечеги [Текст] / С.Ж. Жекишева, У.А.Амираев, В.А.Глубоков // Кыргыз-Орус Славян университетинин жарчысы. - Бишкек, 2016. – 16-том. - №7. – 84-88-беттер.

3. Жекишева, С.Ж. Жука керамика буюмдарын өндүрүү үчүн Кыргызстандын алюмосиликаттык чийки затын изилдөө [Текст] / С.Ж. Жекишева, У.А.Амираев, А.И.Даутова жана башкалар // Тажик улуттук университетинин жарчысы. Табигый илимдер сериясы. - Душанбе, 2016. - №1-4 (216). - 110-113-беттер.

Шилтемелер түзөтүү

“Адамдар учак менен үй-бүлөсүнө белек-бечкек ташыса, мен таштарды көтөрүп жүрөм”. Окумуштуу Сагын Жекишева 50 жылдан бери фарфорду изилдеп келатат// https://kloop.kg/blog/2021/05/12/lyudi-v-samolyote-vezut-seme-gostintsy-a-ya-kamni-kak-uchyonaya-sagyn-uzhe-50-let-izuchaet-farfor/

Жекишева Сагын Жекишевна //https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/famous-personalities/inventors-of-kyrgyzstan/31982-zhekisheva-sagyn-zhekishevna.html

КЫРГЫЗПАТЕНТ ӨНӨКТӨШТӨРҮНӨ КЫЗМАТТАШТЫК ҮЧҮН ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫН БИЛДИРДИ//http://patent.kg/ru/2018/08/29/29503/ Archived 2022-02-13 at the Wayback Machine

Кафедранын курамы//http://pgz.krsu.edu.kg/index.php/professorsko-prepodavatelskij-sostav/35-zhekisheva-sagyn-zhekishevna

Паспорт специалиста//http://vak.kg/wp-content/uploads/2020/09/ZHekshieva.pdf Archived 2022-02-13 at the Wayback Machine


Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Кыргызская наука в лицах / У. А. Асанов, А. З. Джуманазарова, Т. К. Чоротегин; Нац. аттестац. комис. Кыргыз. Респ. - Бишкек : Гл. ред. энцикл. и Центра госязыка, 2002. - С. 216. : ил., портр., факс.; 25 см.; ISBN 5-89750-142-4