Ма Йун (кытай: 马云, [mà y̌n]; 1964-жылы 10-сентябрда туулган) -- кесиптик чөйрөсүндө Жек Ма деген ысым менен белгилүү кытайлык ишкер магнат. Интернетке негизделген ишмердүүлүк менен алектенген Alibaba Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору.

Жек Ма (2008)

Учурда ал Азиядагы эң бай инсан. 2017-жылдын август айына карата, ал 37.9 млрд АКШ долларына ээ. Ал бизнес жана ишкердик чөйрөдөгү дүйнөлүк фигурага айланган. Ал дүйнөдөгү эң таасирдүү бизнесмендердин бири жана өзүнүн бизнес философиясын баяндаган филантроп болуп эсептелет. Ал Fortune журналынын 2017-жылдагы "Дүйнөнүн 50 улуу лидери" тизмесинде 2-сапка жайгашкан.

Өмүр баяны түзөтүү

Жетишкендиктери түзөтүү

2004-жылы Кытайдын Борбордук телеканалы жана анын көрүүчүлөрү Маны "Жылдын мыкты 10 бизнес-лидерлеринин" бири катары тандап алган.

2005-жылы сентябрда Дүйнөлүк экономикалык форум Маны "Жаш дүйнөлүк лидер" деп тапкан. Fortune журналы дагы аны "Азиянын 25 күчтүү бизнес инсанынын" бири катары баалаган. Businessweek журналы аны 2007-жылы "Жылдын бизнес инсаны" деп тааныган жана Barron гезити 2008-жылы аны "Дүйнөнүн мыкты 30 жетекчисинин" бири катары тандап алган.

2009-жылдын май айында Time журналы Маны дүйнөдөгү 100 таасирдүү адамдын бири деп тапкан. Maнын жетишкендиктери тууралуу баяндап жатып, Time журналынын мурдагы башкы редактору жана Harvard Business Review журналынын башкы редактору Ади Игнатиус "кытай интернет ишкери жумшак сүйлөгөн жана эргежээл сыяктуу -- ошондой эле ал англис тилин аябай жакшы сүйлөйт" деп жазган. Андан тышкары, "мырза Манын Taobao.com аттуу керектөөчү аукциондору боюнча вебсайты Кытайдагы eBay'ди басып алган" деп белгилеген. Ал 2014-жылы кайрадан тизмеге кошулган. BusinessWeek аны Кытайдын эң таасирдүү адамдардын бири деп тааныган. Forbes China журналы дагы аны 2009-жылга чейин Кытайда эң урмат-сыйга ээ болгон ишкер деп тапкан. Ма 2009-жылы Декаданын бизнес лидерлери сыйлыгынын Жылдын экономика инсаны деген наамына ээ болгон.

Шилтемелер түзөтүү