Желе-Дөбө
Желе-Дөбө – майда дөбөлөрдүн узатасынан созулган тизмеги. Дөмпөйүп бириндеп, бир катар болуп («желеге» окшоп) жер бетине чыгып турат. Салыштырмалуу бийиктиги 20–30 мден ашпайт. Жети-Өгүз районундагы Желе-Дөбө кыштагынын аты да ушул түшүнүккө байланыштуу пайда болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5