Желим живописи – негизинен театр жасалгалары үчүн колдонулуучу живопистин техникалык түрү. Желим живописинде кургак боёктор анча кымбат эмес желимдин (көбүнчө жыгач желими же майлоочу) суюк эритиндисине эритилет, иш бор кыртышында жүргүзүлөт. Желим живописи көпкө чыдабайт, себеби арзан желим абадан нымдуулукту сиңирип алуу менен тез чирип кетет. «Желим живописи» термини кеңири мааниде – живопистик чапташтыргыч заттардагы бардык түрлөрдү гуашь, акварелди өзүнө камтыйт жана желим живописин түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1