Жемиш чөптөр - желе турган жапайы чөптөр.

Тоодо өскөн, аш бөлүмү жагынан жашылчага жакын жыттуу жапайы чөптөрдүн түбүн, сабагын жана ашын кыргыз эли тамакка эзелтен пайдаланып келген.

Мисалы, алгы, шам өрүк, татырандын түбүнөн тамак жасашса, текей, козу кулак, чырыч, согон, көбүргөндү тамакка кошушкан, куурул да, чийки да жешкен.

Кемирчек, кымыздык, балтыркан, бээ эмчек, чукуру, ышкын, ак көкө, жоогазын, чымылдык, сарымсак, жөргөмуш сыяктуу Жемиш чөптөрдүдун сабагы же тубу жашылча сыңары жалаң чийки желген. Ушулар сыяктуу кеп татымал чөптөр тамакка коруш болсо, айрымдарынын кайнатмасы, кургак сабагы, жалбырагы, тамыры дары-дармек катары найдаланылган.

Тоонуп Жемиш чөптөрү аш болумдуу, витаминдуу, жыттуу келип, организмге пайдалуу заттарга өтө бай болгондуктан, өз учурунда жашылчаны алмаштырган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.