Жемиш шарабы – жемиш жана айрым жашылча ширесине кант же суу кошуп, ачытуу жолу менен даярдалуучу ичимдик. Эгер шарап жемиш ширесинен гана даярдалса, даамы өтө кычкыл келип, канттуулугу аз болуп, адамга жагымсыз болот. Ширенин кычкылдуулугун азайтуу үчүн суу менен кант кошулат. Жемиштерде алма жана лимон кислоталары болот. Жемиш шарабын даярдоо мөөнөтү 21–42 күнгө созулат. Жемиш шарабы 80% бир жемиштин ширесинен даярдалса, ага ошол жемиштин аты коюлат. Сапаттуу жемиш шарабы алма, карагат, чие жана башка жемиштерден даярдалат. Жемиш шарабы спирттин, канттын, ширелүү заттардын, кислоталардын жана көмүр кычкыл газынын өлчөмүнө жараша ачкыл, күчтүү, таттуу, жыпар жыттуу жана газдуу деп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1